super.kg logo

Криштиану Роналду футбол боюнча жаңы рекорд койду

 

Сауд Арабиянын "Аль-Наср" футболдук клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду "Аль-Шабаб" клубуна каршы оюнда карьерасындагы 907-голун киргизип, жаңы рекорд койду.

Муну менен Роналду расмий беттештерде көп гол киргизген тарыхта биринчи футболчу болуусун дагы бекемдеди. Ал "Спортингде" беш, "Манчестер Юнайтедде" 145, "Реалда" 450, "Ювентуста" 101, "Аль Насрда" 73 жана улуттук курамада 133 гол киргизген.

Бүгүнкү күндө чабуулчу футбол тарыхында, улуттук командаларда, Европа чемпионатында, Чемпиондор Лигасында жана Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда эң мыкты бомбардир бойдон калууда.

Футболчунун сауд арабиялык клуб менен учурдагы келишими кийинки жайга чейин күчүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: