super.kg logo

Бразилиянын президенти Орусияга БРИКС саммитине бара албай турганын билдирди

 

Бразилиянын президенти Лула да Силва ваннадан кулап кеткендиктен Орусияга БРИКСтин саммитине барбай турганы белгилүү болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

ЖМКлардын маалыматына караганда, 19-октябрдын кечинде Лула да Силва өзүнүн резиденциясынын Альворада сарайында ваннада жыгылып, борбордогу Сирио - Либанес ооруканасына жаткырылган.

Дарыгерлер 78 жаштагы президенттин моюнунан жаракат алганын айтышкан. Ошондой эле анын мээсинин жеңил чайкалышынын белгилери бар экендиги да белгилүү болгон. Дарыгерлер ага Орусияга барбоо сунушун айтышкан.

Лула да Силва 20-октябрда Бразилиядан Орусияга учуп, 24-октябрга чейин ал жакта болушу керек болчу. 20-октябрдын кечинде президенттин басма сөз кызматы Лула да Силванын Орусияга сапары дарыгерлердин чечими менен авиакаттамдан баш тартууну сунуштаганын билдирди. Саясатчы БРИКСтин саммитине видеобайланыш аркылуу катышат. Саммит 22-24-октябрда Казанда өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: