super.kg logo

Пентагондун башчысы Киевге күтүүсүз иш сапары менен барды

 

Пентагондун башчысы Ллойд Остин Киевге күтүүсүз иш сапары менен барды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, Остин Киевге АКШнын колдоосу бекем экендигин билдирген убадалар менен келген. Ал эч кандай аскердик жардам же ракеталарды Орусияга учуруу уруксатын алып келбегендиги маалыматта айтылган.

Басылмалар белгилегендей, иш сапардын алкагында Остин Украинанын башчысы Владимир Зеленский, ошондой эле өлкөнүн коргоо министри Рустем Умеров менен жолугат. Анда Украинанын куралга болгон муктаждыктарын жоюу жана АКШнын кийинки жылга пландаган колдоосу талкуулана тургандыгы белгиленген.

Белгилей кетсек, АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин акыркы ирет 2023-жылдын 20-ноябрда Киевге барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: