Кадамжайда Honda Fit 9 жашар мектеп окуучусун коюп кетти
Кадамжайда мектеп окуучусун койдуруп кеткен жол кырсыгы боюнча маалымат милицияга катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Баткен ОИИБден билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында ошол эле айылдын 23 жаштагы тургуну өзүнүн Honda Fit үлгүсүндөгү унаасы менен жолдун сол жагынан чуркап чыккан 2015-жылы туулган жаш баланы сүзүп кеткен. Жол кырсыгына кабылган бала Кадамжай жалпы дарылоо практикалык борборуна жеткирилген.
Жогорудагы жол кырсыгы Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, кырсыктын жагдайлары боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.