super.kg logo

Өмүр бою эркинен ажыратылып, "Чёрный делфинде" отурган экс-сенатор дагы 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

 

Өмүр бою эркинен ажыратылып, "Чёрный Дельфин" Карачай-Черкесиянын мурдагы сенатору Рауф Арашуков Жаза аткаруу кызматынын кызматкерине адвокаты аркылуу үч миллион рубль пара берүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

Араушков параны колонияда жеңилдетилген шарттарга жетүү үчүн берген. Тагыраагы ал колонияда уюлдук телефон колдонуу, жакындарына жолугуп туруу үчүн түрмө кызматкерин июль айынан октябрь айына чейин которгон.

Бул факты боюнча Тергөө комитети кылмыш иши козголгон. Өмүр бою эркинен ажыратылган Арашуков эми бул иш боюнча дагы 15 жылга чейин экинен ажыратылышы мүмкүн.

Рауф Арашуков жана анын атасы Раул Араушков 2022-жылы декабрда кылмыштуу чөйрө, буйрутма киши өлтүрүү жана уурулук беренелери боюнча күнөөлүү деп табылышып, өмүр бою эркинен ажыратылышкан. Кийинчерээк ал эски досу, Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдон кечирим сураган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: