КМШдагы Жаза аткаруу кызматынын жетекчилери Дүйшөмбүдө өткөн жыйынга катышты
Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин пенитенциардык кызматтарынын жетекчилеринин IX кеңешинин отуруму болуп өттү.
Жаза аткаруу кызматы билдиргендей, иш-чарага Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, КМШ Антитеррордук борборунун жана КМШ Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.
Жыйында КМШ өлкөлөрүнүн пенитенциардык тутумун өнүктүрүү, коопсуздук жана соттолгондордун укуктарын коргоо жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү, мекемелерде кармоо шарттарын жакшыртуу үчүн алдыңкы технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.
Мындан тышкары жыйында 2024-2028-жылдарга карата кылмыштуулук менен күрөшүүнүн биргелешкен чараларынын Мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруу маселелери каралды.
ЖАКтын төрагасы Аскат Эгембердиев пенитенциардык ишмердүүлүк жаатында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, жолугушууну уюштургандыгы үчүн Кеңештин Катчылыгына ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар Жазык аткаруу тутумдарын өнүктүрүүгө жана адам укуктарын коргоо максатында мындан аркы кызматташууга умтулуусун билдиришти.
Белгилей кетсек, кийинки жолугушуу 2025-жылы Өзбекстанда өтөт.

