super.kg logo
  Саясат  

Шакиев Германиянын элчиси Габриэла Геллилди кабыл алды

 

Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллилди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.

Элчи министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Германияга болгон иш сапарынын алкагында өткөн кыргыз-немис бизнес-форумунун ийгиликтүү өткөнүн эске салды.

"Бул форум ишкерлер ортосундагы түз байланыштарды бекемдөөдө маанилүү кадам. Анын натыйжасында жакын арада Бавария жергесинен Кыргызстанга инвесторлордун чоң тобунун келиши күтүлүүдө", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: