super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш жалган жалаа үчүн айып салуу мыйзамын биринчи окууда колдоду

 

Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жалган жалаа үчүн айып пул салуу боюнча мыйзамды биринчи окууда колдоого алды. Жалпы каттоодон өткөн 80 депутаттын алтоо каршы добушун берип, 63 эл өкүлү макулдугун билдирген.

Мыйзам долбооруна ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта, сайттын социалдык тармактарын колдонуу менен жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушталууда.

Мыйзамды көзөмөлдөөчү орган катары Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бекитилген.

Эске салсак, аталган мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлган.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аталган мыйзам долбоорду кайтарып алууну сунуштаган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: