super.kg logo
  Саясат  

"Апасы оорукчан". Депутат Айдаралиев Орусиянын абагында 12 жылдан бери күнөөсүз отурган миргант бар экенин айтты

 

Орусиянын абагында кыргызстандык мигрант 12 жылдан бери күнөөсүз отурат. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрнис Айдаралиев билдирди.

"Ал жараныбызды "баңгизат менен алектенет" деген негизде "кутум" кылып кармашкан. Биринчиден, ал кармалганда өтө эле жаш болчу. Экинчиден, орус тилин билчү эмес экен. Тилди билбей барып, тузакка түшүп калды да. Бир кылмыш иши козголбостон 12 жылдан бери отурат. Туугандары прокуратура органдарына кайрылышкан, бирок эч кандай жооп болбоптур. Мына ушундай жарандарыбызга көмөк көрсөтүшүбүз керек. Апасы оорукчан экен. Жигиттин абалы өтө оор. Өлкөгө кайтаруубуз керек", - деди Айдаралиев.

Эл өкүлү тийиштүү органдарга аны өлкөгө кайтаруу маселесин караштырууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: