"Чөнтөгүнө күч келгидей кылалы". Депутат мас абалында унаа айдагандарга айып пулдун көлөмүн көтөрүүнү сунуштады
Бүгүн, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Азамат Исираилов спирт ичимдигин ичип алып унаа башкаргандар үчүн айып пулдун суммасын биринчи жолкуда 50 миң сом, кайталаса 70-100 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуштады.
Ал мас абалында унаа башкаргандар кылыгын кайра кайталап жаткан учурлар бар экенин белгиледи.
"Ичип алып айдагандарды 3 күнгө эле камап коюп жатышат. Алар сүйлөшүп кайра чыгып кетип жатышат. Анан кайтадан эле рулга отуруп жатышат. Балким алардын чөнтөгүнө күч келгидей айып пул салыш керек", - деди Исраилов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

