super.kg logo

Бир кылмышкердин айынан Орусиянын чоң шаары жабылды

 

Бүгүн,24-октябрь күнү эртең менен Орусиянын Краснодар шаарында полиция кызматкерлерине кол салган адамдарды издөөгө байланыштуу шаардан чыгуулар жабылды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү Телеграм каналдары жазышты.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-октябрга караган түнү Краснодардагы Лузана көчөсүндө полиция кызматкери эки адамды токтоткон. Алардын бири дароо эле кызматкерди катуу сабап, уюлдук телефонун жана кызматтык куралын тартып алган.
Учурда токмоктолгон полиция кызматкери оор абалда ооруканада жатат.

Полиция кызматкерлери кол салган адамдын шеригин окуя болгон жерден кармашкан.

Кол салган адамдын өздүгү дагы такталды. Ал 33 жаштагы Марат Абдыюшев аттуу жаран болгон. Ал киши федералдык издөөдө экени белгилүү болду.

Азыр Краснодар аймагындагы бардык полиция кызматкерлери аны кармоо аракетин көрүүдө. Мындан улам шаардын бардык чыга беришине посттор коюлуп, убактылуу шаардан чыгуу токтотулган. Буга байланыштуу шаар ичинде өтө чоң унаа тыгыны жаралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: