Футбол: "Манчестер Сити" клубу Чемпиондор Лигасында тарыхый рекордду жаратты
Англиянын "Манчестер Сити" футболдук клубу Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында чехиялык "Спарта" клубун 5:0 эсебинде жеңип, тарыхтагы эң узак жеңилбестик сериясы боюнча жаңы турнир рекордун жаңыртты.
Испаниялык адис Пеп Гвардиоланын жетекчилигиндеги "Манчестер Сити" учурда 26 оюндан бери жеңилүү эмне экенин биле элек. Буга чейинки рекорд Англиянын дагы бир клубу болгон "Манчестер Юнайтедге таандык болчу. Шотландиялык машыктыруучу Алекс Фергюсондун тушунда “кызыл шайтандар” 25 оюн катары менен жеңилген эмес.
Кийинки Чемпиондор Лигасындагы оюнун "Манчестер Сити" 6-ноябрда өткөрөт. Анда англиялык клуб Португалиянын "Спортинг" клубу менен кез келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.