Кыргыз волейболчулары Өзбекстандагы турнирде чемпион болушту
Волейбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы коңшу Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Азия зоналдык чемпионатында жеңүүчү аталды.
18-24-октябрь күндөрү Ташкентте 6 команданын катышуусунда Борбор Азия волейбол ассоциациясынын (CAVA) чемпионаты өттү.
Тайпалык баскычта командалар бири-бири менен өз ара ойношту. Кыргызстан курамасы 5 беттеште тең жеңишке жетип, мүмкүн болгон 15 упайдын 14 упайына ээ болду.
Жыйынтыгында Кыргыз курамасы финалга чыгып, финалда Өзбекстан менен кез келди. Бүгүн, 24-октябрда өткөн финалдык оюн 3:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасында аяктады.
Жыйынтыгында Азия зоналдык чемпионатында Кыргызстан биринчи орунду алса, Өзбекстан экинчи жана Түркмөнстан үчүнчү орунга ээ болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.