Жолдун бир тарабы жабылат. Боомдо кооптуу таштар түшүрүлөт
28-октябрдан 15-ноябрга чейин Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайынын 129, 131, 132-чакырымында (темир жолдун 3899, 3901, 3902-чакырымы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери болот.
"Жол жарым-жартылай тосулуп, күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат, 30-40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери токтоп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат", - деп билдирди мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:16
2025-07-03

16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.