Мектептердин кышкы каникулу эки күнгө узарды
Кыргызстандык мектеп окуучуларынын кышкы каникулу эки күнгө узарды. Бул тууралуу буйрукка министр кол койгонун Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Мындай чечим күндүн суукташына байланыштуу жана электр энергиясын үнөмдөө максатында кабыл алынды. Окуу 13-январда эмес, 15-январда башталат. Эки күн жазгы каникулдун эсебинен алынды. Андыктан жазгы эс алуу 22-29-март күндөрү болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
2

