super.kg logo

Нарында “Тянь-Шань Сити” турак жай комплексинин курулушу башталды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын шаарында “Тянь-Шань Сити” турак жай комплексине, ошондой эле Калкты тейлөө борборунун курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, куруучу – Кашкар шаарынан “Цзиньюань Фанди” курулуш компаниясы. Турак жай комплекси он кабаттуу 6 блоктон турат. Компания өкүлдөрү бир жылдын ичинде сапаттуу, заманбап турак жайларды куруп бүтүрүүгө убада беришти.

"Ушул эле компания бардык мамлекеттик кызматтарды камтыган административдик имаратты куруп, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт”, - деди Жапаров.

Өкмөт башчы андан ары “Нарын-Реновация” долбоорунун алкагында Нарын шаарында Чыгармачыл демилгелердин инновациялык борбору, жаңы автобекет, балдардын оюн-зоок борбору жана башка объектилер курула турганын айтты. Мындан тышкары, ипотекалык насыялоонун алкагында көп батирлүү турак жайларды куруу иштери жүрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: