super.kg logo
  Спорт  

"Менин дагы сейилдегим келген". Тыныбекова жаштарды койгон максаты үчүн аракет кылууга чакырды

 

Максатың болсо көп нерседен баш тартууга мажбур болосуң. Бул тууралуу бүгүн 26-октябрда Тарых музейинде Бириккен улуттар уюмунун түзүлгөн күнүн белгилөө иш-чарасында Айсулуу Тыныбекова билдирди.

Анда ал жаштарды көңүл ачууга көп убакыт коротпостон, алдыга койгон максаттар үчүн тынымсыз аракет кылууга үндөдү.

"Менин деле көчөгө чыгып сейилдегим, курбумдун туулган күнүнө баргым келчү. Бирок ошол учурда ал нерселер менин машыгуум үчүн "азгырык" болуп калмак. Демек, алдыңарда максат болсо башка нерселерге алаксыбастан, ага жетүү үчүн бардык күчүңөрдү жумшоого аракет кылгыла", - деди Тыныбекова.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейинде БУУнун түзүлгөн күнү белгиленди. Ага кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү, уюмдун өлкөдөгү туруктуу өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана кыргызстандык белгилүү спортчулар катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: