Орусияда кыргызстандык таксист жүргүнчүгө кол салгандыгы айтылды
Орусиядагы Химки шаарында такси кызматынын айдоочусу жүргүнчүгө кол салып, ага төрт жолу учтуу зат менен сайып жиберген. Бул туурасында Тергөө кызматына шилтеме берүү менен орус басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, айдоочу Кыргызстандын жараны болгон. Алар жол акыга байланыштуу пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен.
Ал эми жүргүнчү алган жаракаты менен ооруканага жеткирилген.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, “Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-18

12:14
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.