super.kg logo

Казакстандагы 16 жаштагы баланын өлүмү: Кылмыш иши 5 берене боюнча иликтенет

 

Казакстандын Талгар шаарында болгон 16 жаштагы баланын өлүмү боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги 5 берене боюнча иликтейт. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министри Эржан Саденов билдирген.

Белгиленгендей, тергөө иштери Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин беш беренеси боюнча жүрүп жатат:

  • кылмыш беренесинин 2-бөлүмү “Атайылап киши өлтүрүү”;
  • кылмыш беренесинин 3-бөлүгү "Бейбаштык";
  • "Коркутуу" беренелери боюнча; "Кылмышты жашыруу";
  • "Кылмыш тууралуу айтпоо"

Атайын киши өлтүргөн деген шек менен 8 адам, кылмыш тууралуу кабар бербеген 3 адам кармалган.

"Тергөө иштери уланууда. Анын алкагында окуя болгон жерде болгон башка адамдардын да катыштыгы бар-жогу текшерилип, алардын аракеттерине юридикалык баа берилет", - деп ишендирген министр.

Эске салсак, 4-октябрда Талгардагы Азат айылындагы жергиликтүү дүкөнгө агрессивдүү кардар келип, аны менен кызматкерлер жаңжалдаша кетишкен. Ал учурда дүкөнгө атасын көргөнү келген 16 жаштагы өспүрүм дагы болгон. Чырга өспүрүм дагы аралашкан.

Жаңжалдан кийин кардар болуп келген жаран досторуна телефон чалып, окуя болгон жерге анын достору келип, тапанча жана бычак менен балага, анын атасына жана агасына кол салышкан. Өспүрүм каза болгон.

12-октябрга караган түнү өспүрүмдүн үйүнөн өрт чыгып, имарат толугу менен күйүп кеткен. Буга байланыштуу полиция кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, баланын үй-бүлөсү коопсуздук менен камсыз болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: