super.kg logo

Челябинскиде менчик аскердик компаниянын мурдагы жоокери жок кылынды

 

Окуя Танкограддын баатырлары көчөсүндөгү көп кабатуу имаратта болгон

Челябинскиде орус гвардиясынын офицерлери өтүп бара жаткандарга бычак менен кол салмакчы болгон кишини атып өлтүрүшкөн. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, окуя 26-октябрда Тракторозаводский районунда болуп, тургундар полицияга жарым жылаңач агрессивдүү киши адамдарды коркутуп жатканы тууралуу билдиришкен.

"Адегенде жерине патрулдук милиция кызматкерлери барышкан, бирок кол салган адам батирлердин бирине жашынууга үлгүргөн", - деп билдирет жергиликтүү 74.ru басылмасы.

Кийин окуя болгон жерге Орусиянын Улуттук гвардиясынын кызматкерлери келишкен. Алар адамды кармоого аракет кылышканда, ал бычак менен каршылык көрсөткөн.

Маалыматтарга караганда, коопсуздук күчтөрү эскертүү иретинде асманга ок чыгарган, бирок бул агрессорду токтоткон эмес, натыйжада ал атып өлтүрүлгөн.

Басылманын булактары өлтүрүлгөн адам мурда кайсы бир жеке аскердик компанияда кызмат өтөгөн (бир катар ЖМКлар сөз "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын жөнүндө болуп жатат деп болжолдошууда), ошондой эле баңгизатын колдонгон жана денеге оор залал келтиргендиги үчүн соттолгон деп ырасташат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: