super.kg logo

Жылнаама. 2-январь: Мындан 62 жыл мурун коомдук-саясий ишмер Кубатбек Байболов жарыкка келген

 

Мындан 62 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1952-жылы коомдук-саясий ишмер Кубатбек Байболов Аламүдүн районунун Чоң-Арык айылында жарыкка келген. Ал 1977-жылы КМУнун тарых факультетин аяктап,1983-жылы Ташкент шаарында Чалгындоо окуу жайын бүтүргөн. Андан кийин экономикалык жана юридикалык кесипке да ээ болгон. Кубатбек Байлов Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты. 2009-жылы мартта үй-бүлөсү менен АКШга кетүүгө аргасыз болуп, Апрель окуясынан соң кайтып келген. Ал эмгек жолунда УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Жалал-Абад облусунун коменданты, Ички иштер министри, Баш прокурордун милдетин аткаруучу сыяктуу бир катар жоопкерчиликтүү жумуштарды аркалаган. Үй-бүлөлүү. Төрт кыздын жана эки уулдун атасы.

Кыргыз шоу-дүйнөсүнө 2012-жылы кадам таштап, элге “Керексиң мага”, “Жалгызым”, “Эркелеп”, “Акыркы кат” деген ырлары менен таанымал болгон рэп-ырчысы Бегиш 1992-жылдын 2-январында  Алай районунда төрөлгөн.

* 2003-жылдын 2-январында Ысык-Көлдө туризм шартын өнүктүрүү максатында Семёнов капчыгайында лыжа базасы ачылган.

* Мындан 175 жыл илгери 2-январда франциялык сүрөтчү Луи Дагер алгачкылардан болуп Айдын сүрөтүн фотоплёнкага түшүргөн.

1963-жылы 2-январда Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, продюсер Сергей ЖигуновРостов-на-Дону шаарында жарыкка келген. Ал "Менин сүйүктүү бала багуучум", "Эки гусар", "Вовочка", "Менин генералым" тасмаларында жараткан ролдору менен элге белгилүү.

 Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: