super.kg logo

Израиль БУУнун агенттигине иштөөгө тыюу салды

 

Израил парламенти (Кнессет) Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттигинин (UNRWA) өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Бул тууралуу Haaretz басылмасы билдирди.

Парламент тиешелүү мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда колдоду. Тыюу салууга 92 депутат "макул", 10 депутат "каршы" добуш берди.

Израил UNRWAны ХАМАС менен байланышы бар деп дайыма айыптап келет. Мындан ары UNRWA Израилдин аймагында өз кеңселерине ээ боло албайт жана өлкөдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзө албайт.

АКШ бул мыйзам долбооруна "терең тынчсыздануусун" билдирип, агенттиктин Газа тилкесинде гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө "критикалык" ролун баса белгиледи. Канада, Австралия, Франция, Германия, Япония, Түштүк Корея жана Британиянын тышкы иштер министрлери да мыйзамды кескин сынга алышты.

Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарды колдоо үчүн 1949-жылы түзүлгөн UNRWA согуш башталгандан бери анын 223 кызматкери набыт болгонун жана агенттиктин Газадагы объектилеринин үчтөн экиси жабыркап же талкаланганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: