super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте 4 эм төрөлдү

 

Жаңы жыл алдында, тагыраак айтканда, 30-декабрда саат 15:00дөр чамасында Бишкек шаардык перинаталдык борборунда 4 эм жарыкка келди. Тилекке каршы, эркек балдардын бири жатындан чыга электе эле чарчап калган. Калган ымыркайлар 1 килограмм 400 грамм, 2 килограмм 10 грамм, 2 килограмм 309 грамм салмакта  төрөлүшкөн. Бул тууралуу 1-январда, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда ымыркайлардын жана эненин абалы туруктуу. Кайра жандандыруу бөлүмүндө доктурлардын көзөмөлүндө жатышат.

Белгилей кетсек, ымыркайлардын энеси, Бишкектин Келечек жаңы конушунун 30 жаштагы тургуну Бактыгүл Молдотаева буга чейин эки бала төрөгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: