super.kg logo

Иран Ливандагы байланыш түзүмүндөгү жардыруудан кийин Motorola пейжерлерине жана смартфондоруна тыюу салды

 

Ирандын бийлиги Израилдин чалгын кызматтары Ливанда уюлдук аппараттардагы көптөгөн жардыруулардан кийин Motorola смартфондорун жана пейжерлерин импорттоого жана колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Коопсуздукка шылтоолоп, америкалык Motorola брендинин бардык смартфондору жана пейжерлери Иранда тыюу салынат жана өлкөнүн телекоммуникациялык түйүндөрүндө каттала албайт", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 17-сентябрдан 18-сентябрга чейин Ливанда зымсыз байланыш жана башка электроника эки жолу жарылган. Жардыруулардын биринчи сериясы 17-сентябрда болгон - пейжерлер өлкө боюнча жардырылган. Анда 12 адам каза болуп, 4 миңден ашууну жарадар болгон.

Жардыруулардын экинчи толкуну 18-сентябрда болгон. Ливандын ар кайсы райондорунда рациялар жана башка электрондук приборлор жардырылган. Кеминде 20 киши, анын ичинде тогуз "Хезболланын" согушкери набыт болгон. 450дөн ашык адам жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: