super.kg logo

"Эки жыл мурунку туулган күнүм эсимде калды". Ырчы Кызсайкал Кабылова 25 жашка толду 

 

Бүгүн, 31-октябрда ырчы Кызсайкал Кабылованын төрөлгөн. Ал бул жылы 25 жашка толду. Ырчы айымга туулган күнүн куттуктап байланышка чыкканыбызда, бул күндү үй-бүлөсү менен өткөрө турганын айтып өттү.

"Туулган күндүк маанайым эң сонун. Түндө досторум, жакындарым, ата-энелерим келип куттуктап кетишти. Бүгүнкү туулган күндү үй-бүлөмдүн, жакын адамдарымдын курчоосунда өткөрөм. Ал эми туулган күнүмдө аябай кымбат деле белек албаптырмын, бир жолку туулган күнүмдө ата-энем айфон 13 алып беришкен эле, ошол болсо керек эң кымбаты. Негизи көп эле белектер болот.

Мен үчүн туулган күнүм өзгөчө күн. Себеби бул күн бизге Кудай жашоо берип, жарык дүйнөгө келген күнүбүз да", - дейт Кызсайкал Кабылова.

Ал эми ырчы айымдан эсинде калган туулган күнүн сураганыбызда эки жыл мурунку туулган күнү экенин айтты.

"Эң эсимде калган туулган күнүм эки жыл мурункусу. Анда концерт берип, жолдошум ал жактан колумду сураган. Ошол туулган күнүм эсиме келди азыр", - дейт ырчы.

Кызсайкал Кабылова 1999-жылы 31-октябрда төрөлгөн. Кичинекей кезинен сахнада жүргөн Кызсайкал Кабылова агасы Мажит менен "Бир тууганым" деген ырды аткарып, белгилүү болгон. Учурда "Кусалык", "Мен болоюн", "Ажырасак" жана башка бир катар ырлары элдин сүймөнчүлүгүнө айланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: