Айсулуу Мамашова: "Ысык-Көлдө тургун селден жабыркаган үйүнө компенсация ала элек"
Жогорку Кеңештин бүгүн, 31-октябрдагы жыйынында депутат Айсулуу Мамашова Ысык-Көл облусундагы Корумду айылынын тургуну селден жабыркаган турак жайы үчүн өкмөттөн компенсация ала электигин айтты.
Ал билдиргендей, Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында ушул жылдын 17-августунда сел жүргөн.
"Мага Корумду айылынын тургуну кайрылды. Тилекке каршы, селден 1-2-категорияда жабыркаган үйлөргө компенсациялар бериле элек экен. 3-категориядагылар алышыптыр. Бул туура эмес. Мына суук боло баштады. Бул маселе абдан маанилүү", - деп өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылды.
31.10.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:15
2026-02-21
15:31
2026-02-21
14:45
2026-02-21
10:22
2026-02-21
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















