super.kg logo

Тарых музейинде Ооган кыргыздарынын ханы Рахманкулга арналган көргөзмө ачылды

 

Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору Жаңы жылдагы эс алуу күндөрүндө тарых музейинде ачылган Рахманкул хандын 100 жылдыгына арналган көргөзмөнү көрө алышат. Көргөзмөдө Рахманкул хандын Памирдеги, андан кийин Пакистандын Гилгит, Түркиянын Ван аймагындагы жашоо-турмушун чагылдырган сүрөттөр, жеке өздүк буюмдары, кийим-кечелери, чет өлкөлөрдүн мамлекет башчыларына жазган каттары коюлган.

Эске салсак, Рахманкул Жапаркул уулу 1946-жылы Ооган кыргыздарынын ханы болуп шайланган. Ал өз учурунда Ооган өкмөтү менен эсептешкен киши болгон. Ал турсун Закир шах өзү сый-урмат көрсөтүп турган адам болгон. Аны Британия өкмөтү да кадырлап турган. Ооган эмири Рахманкул ханга “кариядар” же “Памир сакчысы” деген атайын наам берген. Ага Ооганстандын Памир тарабындагы чек арасын кайтаруу вазыйпасы тапшырылган. Чек арадан кишини өткөрүү, өткөрбөө ишеними ага жүктөлгөн. Рахманкул ханга атайын документ берилип, анда минтип жазылган: "Рахманкул Афгани. Памирдин сакчысы. Бадахшан. Кичи Памир". Анын бул кызматы үчүн Памир кыргыздары салык төлөөдөн бошотулган.

Рахманкул хан 1990-жылы Ван жергесинде дүйнө салган. Ал урпактарын мейли Кытайда, Ооганстанда, Түркияда жашайбы, ар дайым өз улутун даңктап, кыргыз тилин сактоого, ата-баба салтын унутпоого чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: