super.kg logo

Бүгүн ырчы Гүлбү Ороскул кызы көзү тирүү болгондо 48 жашка чыкмак

 

Бүгүн, 1-ноябрда "Ортомчу бизге Ысык-Көл", "Балама", "Арзуу" аттуу ырлардын аткаруучусу, белгилүү ырчы Гүлбү Ороскул кызы көзү тирүү болгондо 48 жашка чыкмак.

Гүлбүбү Ороскул кызы 1976-жылдын 1-ноябрында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Авлетим айылында төрөлгөн.

Ал 8-класстан баштап Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайдан, кийинчерээк Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунан билим алган.

Ырчы айым "Ортомчу бизге Ысык-Көл", "Балама", "Арзуу", "Мажүрүм тал", "Менин өмүр жазым", "Агылам сага" жана башка ырлары менен күйөрмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан.

Гүлбү Ороскул кызы 2000-жылдан бери маданият чөйрөсүндө кызмат кылып келген. Кыргыздын белгилүү ырчы айымдарынан түзүлгөн "Достор" тобунда да ырдаган.

Төкмө акын, ырчы, обончу Элмирбек Иманалиев менен Гүлбү Ороскул кызынын Айзуура Иманалиева жана Сезим Иманалиева аттуу эки кызы бар.

2015-жылдан көзү өткөнгө чейин КТРКнын "Кыз-жигит сармерден" теледолбоорунун алып баруучусу болуп эмгектенген.

Гүлбү Ороскул кызы 2017-жылдын 6-октябрында 40 жашында көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: