Ырчы Анапия Райымбекова Эл артисти наамын алды
Белгилүү ырчы, бир топ обондордун автору, айтылуу “Үч-Теректин үч кызынын” улуусу Анапия Райымбекова өлкөнүн Эл артисти наамы менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Ага ылайык, ырчыга сыйлыкты президент Садыр Жапаров тапшырды.
Ырчы алгач Жумамүдүн Шералиевдин "Мендеги ыйык махабат" жана Асанкалый Керимбаевдин "Сезимдеги ойлор" аттуу ырлары менен белгилүү болгон.
Учурда Райымбекова Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын А. Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлар” фольклордук тобунун артисти.
Белгилей кетсек, бүгүн, 2-ноябрда өлкөдө маданият кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.