super.kg logo

Эрнест Абдыжапаров жана Темирбек Бирназаров "Даңк" медалы менен сыйланды

 

Бүгүн, 2-ноябрда маданият күнүн утурлай кинорежиссёрлер Эрнест Абдыжапаров менен Темирбек Бирназаров "Даңк" медалы менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясынын маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, сыйлыкты мамлекет башчысы Садыр Жапаров тапшырды.

Аталган сыйлык республиканын маданий, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгек үчүн берилген.

Белгилей кетсек, Абдыжапаров толук метраждуу он, кыска метраждуу 30га жакын фильм тарткан. Алардын ичинде "Боз салкын", "Айыл өкмөтү", "Таранчы", "Такси жана телефон", "Гаишники" тасмалары элдин купулуна толуп, бир топ эл аралык фестивалдарды багындырган.

Бирназаров көптөгөн эл аралык сыйлыктардын ээси "Шайтан көпүрө", "Жайык", "Сырга", "Ордо" даректүү, "Парз", "Белгисиз маршрут", "Кумар", "Түнкү кырсык" жана "Кош келиниз, президент мырза!" көркөм фильмдерин жараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: