Жумгалда жоголгон ата-бала: Бүгүн дагы издөө иштери уланды
Бүгүн, 4-ноябрда Жумгалда жоголгон ата-баланы издөөгө 56 адам чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде жалпы 56 адам, 4 дрон тартылды.
Анын ичинен ӨКМден 26 куткаруучу 2 дрон, ИИМден 10 кызматкер 2 дрон жана жергиликтүү тургундардан 20 адам.
Белгилей кетсек, 16-октябрда Жумгалдын Өрнөк айылында 49 жаштагы Болот Карыпбеков 9 жаштагы уулу менен мал кайтарганы кетип, дайынсыз жоголгон.
Алардын аты Көкөмерен дарыясынан табылып, кайтарып жаткан малы чачырап кеткени белгилүү болгон. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери 19-октябрда башталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.