Бир түндө жылдыз болгон Бегимай Турусбекова Орусиядагы шоуну көркүнө чыгарды (видео)
Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында ырдагандан кийин белгилүү болгон Бегимай Турусбекова Орусиянын Москва шаарында өтүп жаткан “Царица” аттуу вокалдык шоу-сынакка катышып жатат. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасында билдирди.
"Урматтуу, элим! Учурда Москва шаарында “Царица” аттуу вокалдык шоуго катышып жатам. Ата-энемди, бир туугандарымды, мени колдоп ар дайым жанымда жүргөн жолдошумду, анан дагы эң башкысы кыргыз жеримди, элимди уят кылбайын деп, болгон күчүмдү жумшап жатам. Өз кызыңыздарды колдоп туруңуздар", - деген ал.
Аталган сынак эл ичиндеги таланттарды таанытуу максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.
Белгилей кетсек, учурда Бегимай Турусбекова бир нече кинолордо роль жаратып, ырчылыкка дагы кадам таштаган.
Бир түндө жылдыз болгон Бегимай Турусбекова Орусиядагы шоуну көркүнө чыгарды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.