super.kg logo

Бишкекте Алыкул Осмоновдун үй музейи оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

 

Бүгүн, 4-ноябрда Бишкек шаарында жайгашкан Алыкул Осмоновдун үй музейи толук оңдоп-түзөөдөн кийин кайрадан ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова катышты.

Ага ылайык, Чыңгыз Эсенгул уулу объектти оңдоп-түзөө иштерине салым кошкон Түрк маданияты жана мурасы фондунун президентине ыраазычылык билдирди.

"Учурда үй музейде эки миңден ашык экспонат бар. Алардын арасында акындын жеке буюмдары, кол жазмалары жана колдонгон буюм-тайымдары да бар", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Алыкул Осмоновдун үй музейин оңдоп-түзөө иштери Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан каржыланып Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Бишкек шаарынын Мэриясы тарабынан алгылыктуу иштер жасалды.

Эске салсак, буга чейин музей кыргыздын классик акыны Алыкул Осмонов өмүрүнүн акырына чейин жашап өткөн Бишкек шаарындагы үй- музейинде акыркы жолу 2000-жылы ремонт иштери жасалган. Кийинки жылдары бөлмөлөр кышкысын жылытылбагандыктан шыбынан суу кирип, ным тарткан дубал кээ бир баалуу документтерге, сүрөттөргө, буюмдарга да зыянын тийгизе баштаган.

Маалымат үчүн: Аталган үй 1941-жылы курулган. Акын бул үйдү 1948-жылы сатып алып, 1950-жылга чейин жашаган. Оорусуна байланыштуу көпкө жашай албай, акыркы сапарга ушул үйдө узаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: