super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан Берлиндеги "Жашыл жумалыкка" катышат

 
Кыргызстан 17-январда башталып 26-январда Берлин шаарында өтө турган экологиялык таза азык-түлүктүн жарманкесине катышат. Бул тууралуу жарманкенин уюштуруучулары кабарлашты. 
Маалыматта айтылгандай, иш-чара жалпы аянты 115 миң чарчы метрлик "Messe Berlin" көргөзмө комплексинде өтмөкчү. Ал жерден Кыргызстан үчүн 50 чарчы метр аянт бөлүнгөн. Быйыл жарманкеге белгилүү "Шоро", "Артезиан", "Кыргыз коньягы" компаниялары менен катар эл аралык рынокко эми гана чыга баштаган фирмалар катышышат. Алардын арасында жалал-абаддык "EUM", "Токой азыгы", баткендик "Алыш-Дан" жана көлдүк "Бир айыл - бир азык" ишканалары бар. 
Белгилей кетсек, аталган көргөзмөгө Кыргызстан ушуну менен алтынчы жолу катышканы жатат. Иш-чаранын алкагында 200гө жакын өлкөнүн айыл чарба министрлери катышкан чоң жыйындын болушу күтүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: