super.kg logo

Өлкөдө билим берүүгө кошумча 11 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт

 

2024-2025-окуу жылында адамдык капиталды өнүктүрүү максатында көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу үчүн республикалык бюджеттен жана башка булактардан 11 миллиард 25 миллион 400 миң сом кошумча бөлүнөт. Бул тууралуу министр Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте өткөн “Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү” аталышындагы улуттук форумда билдиргенин маалымат кызматы кечээ, 5-ноябрда билдирди.

Министрдин билдирүүсү боюнча бөлүнгөн каражаттар төмөнкүдөй максаттарга жумшалат:

  • мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө - 3 миллиард 408 миллион сом;
  • окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга - 2 миллиард сом;
  • окуучуларды ысык тамак менен камсыздоого 2 миллиард 800 миллион сом;
  • мугалимдер үчүн ноутбуктарды сатып алууга 1 миллиард 364 миллион 400 миң сом;
  • мектептер үчүн компьютерлерди сатып алууга 100 миллион сом;
  • мектептердин муктаждыктарын канааттандырууга 1 миллиард 353 миллион сом.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: