super.kg logo

Ош шаарында жаңы таштанды полигондун курулушу башталды (видео)

 
Ош шаарында эски таштанды полигонун калыбына келтирүү жана жаңы полигонду куруу иштери башталды. Бул туурасында кечээ, 5-ноябрда мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, долбоор менен жеринде калаа башчысы Бакытбек Жетигенов таанышып кайтты.
Шаар башчысы мында жүргүзүлүп жаткан иштердин шаар үчүн маанилүү экенин белгилеп, курула баштаган жаңы санитардык полигон бардык зарыл болгон эл аралык талаптарга жооп берерин билдирди.
Кошумчалангандай, полигонду куруу иштери Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ) жана Европа Союзунун (ЕС) колдоосу менен «Ош шаарында таштандыларды чогултуу жана иргөө системасын жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.





06.11.24.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: