Ошто “Мурас-аймак” регионалдык футзал турнири болуп өттү







Ош шаарында “Мурас-Аймак” футзал боюнча регионалдык турнири болду. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, футзал боюнча оюнга журналисттерден, медицина өкүлдөрүнөн, ӨКМдин шаардагы башкармалыгынын, окуу жайлардын, муниципалдык автотранспорт ишканасынын, электр тармактар ишканасынын кызматкерлеринен түзүлгөн курама командалар күч сынашты.
1-орунду жалпыга маалымдоо өкүлдөрү ээлеген;
2-орунду Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасы;
3-орунду ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы жеңип алды.
Айта кетсек, аталган турнир Кыргызстандын бардык аймактарында өтөт. Бул президенттин катышуусу менен өтө турган салттуу “Мурас” достук мелдешине тандоо этабы болуп саналат. Жеңүүчүлөр финалдык баскычка жолдомо алышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.