Ош шаарында эл аралык шахмат турнири башталды






Бүгүн, 6-ноябрда Ош шаарында эл аралык шахмат турнирине старт берилди. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, шахматтын классикалык түрү боюнча турнирге Өзбекстан, Орусия жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 200дөй өспүрүм катышууда.
Кошумчалангандай, спорттук иш-чараны Ош шаардык шахмат федерациясы мэрия менен биргеликте уюштурууда.
Белгилей кетсек, эл аралык турнир Кыргызстанда алгачкы жолу өтүүдө. Турнир 9-ноябрга чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.