super.kg logo

Бек Борбиевдин концертинде "Жылдын супер ырчы мырзасы" Нурлан Насип элди Жылкы жылы менен куттуктап, ыр белек сунду

 

Бүгүн, 2-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, "Заманыбыздын супер ырчысы" Бек Борбиев салтка айланган Жаңы жылдык концертинин 2-күнүн берүүдө.

Бек Борбиевдин айтымында, 1-январда болгон концерти да аншлаг менен өткөн. Ырчы менен маектешкенибизде "жыл сайын 1-2-январда концерт берүүнү салтка айланткам. Быйылкы концертимдин өзгөчөлүгү - катышуучулардын көпчүлүгү эркектер, 3 гана айым бар, бийчилерди кошпогондо" деп баса белгилеп өттү.

 Концертке конок катары бир топ ырчылар, куудулдар, актриса Асема чакырылыптыр. Коноктордун ичинен алгач "Жылдын супер ырчы мырзасы" Нурлан Насип сахнага чыгып, элди Жаңы жылы менен куттуктап, "Менин да сүйүүм ушундай" чыгармасын "Миң кыял" бийчилер тобунун коштоосунда аткарды. Аны менен катар Бек агасы менен дуэт аткарганга жетишти.

Нурландын артынан чыккан ырчы Мирлан Баеков элди майрамы менен куттуктап, ыр белек сунду. Ал эми эл алдына чыккан куудулдар Кубик Калыков, Абды Кадырматов, Борончу Кудайбергенов жана Анара Жантөрөевалар үй-бүлөлүк жашоодон алынган "Балык" сатирасын ойношту.

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.01.2014. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан....
03.01.2014. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zemlyanin, анан жаны жылга бир ящик банан,Бек братан нищтяк аншлак кылып откорот да иттрецнокту.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: