super.kg logo
  Спорт  

Таласта жаштар арасында бокс боюнча мелдеш өтөт

 

9-12-ноябрь күндөрү Талас шаарындагы спорт ордосунда бокс боюнча жаштар арасында Ата Мекендик Согуштун арадагери, даңк орденинин ээси Молдон Мураталиевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалымдалгандай, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Талас облустук бокс федерациясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 килограмм салмак категорияларында күч сынашат.

Мелдеш 9-ноябрда саат 15:00дө
10-12-ноябрь күндөрү саат 13:00дө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: