"Ак шумкарлар" Дохада биринчи окуу-машыгуусун өткөрдү (сүрөттөр)







Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Катардын борбору Дохада окуу-машыгууларынын биринчи күнүн өткөрдү. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдигинен билдирет.
Айта кетсек, курама команда 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында 14-ноябрда конокто Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен беттешет. Ошондой эле 19-ноябрда өз оюн талаасында Иран курамасын кабыл алат.
Белгилей кетсек, буга чейин футбол биримдиги машыгууга бара турчу футболчулардын кеңейтилген курамын жарыялаган. Даярдык аяктагандан кийин команда биринчи беттешке катышуу үчүн 12-ноябрда Абу-Дабиге бет алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.