super.kg logo

Австралияда 16 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынат

 

Премьер-министр Энтони Альбаназе 16 жашка чейинки австралиялыктарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынат деп убада кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Мен миңдеген ата-энелер, чоң аталар, чоң апалар менен сүйлөштүм. Алар да мага окшоп интернеттеги балдарыбыздын коопсуздугу үчүн кооптонушат", - деди саясатчы.

Ага ылайык, эгерде жашы жете элек балдар социалдык тармактарды колдоно турган болсо, анда алар жана алардын ата-энелери эмес, социалдык тармактар ​​жоопкерчиликке тартылат.

Австралиялык гезит жашы жете электердин социалдык тармактарга кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөө ири партиялардын колдоосуна ээ болгондуктан, Австралиянын парламенти бул демилгени жактырышы мүмкүн деп жазат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: