super.kg logo

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова ТҮРКСОЙ медалы менен сыйланды

 

Бүгүн, 7-ноябрда маданият министри Алтынбек Максүтов түрк дүйнөсүнүн элдеринин достугун чыңдоого жана маданияттын өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери Ассоль Молдокматованы ТҮРКСОЙ медалы менен сыйлады. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Ассоль Молдокматова түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү инсандарына арналган жүздөгөн маанилүү маданий долбоорлорду жана жүздөн ашык даректүү тасмаларды жараткан.

Ал "Манас" эпосунун 150 чыгарылышын жана "Этикет" темасындагы 500 рубриканы даярдап, "Маданий дүйнө" долбоорунун алкагында 250 кайрымдуулук лекциясын өткөргөн. Ошондой эле ондогон телекөпүрөлөрдү уюштурган жана беш мусулман коллекциясын сунуштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: