super.kg logo

ТМУнун жаңы желегине Кыргызстандын өзгөртүлгөн туусунун күн нуру кирди

 

Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 11-самиттинде бирикменин желеги өзгөргөнү белгилүү болду. Байрактан Кыргызстандын өзгөртүлгөн желегинин күн нурларын көрүүгө болот.

Жаңы желек уюмга алгачкы мүчө болгон төрт өлкөнүн символдорун айкалыштырган жана ага сегиз бурчтук кошулган. Анда Казакстан байрагынын ачык көк түсү, Кыргызстан туусунун кырк нурлуу күнү, Азербайжандын жылдызы жана Түркия желегинин жарым айы камтылган.

Белгилей кетсек, ТМУнун биринчи желеги 2012-жылы Бишкекте өткөн 2-самитте кабыл алынган.

Мамлекеттик тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам расмий 2023-жылдын 26-декабрынан тарта күчүнө кирген. Президент Садыр Жапаров аталган мыйзамга 22-декабрда кол койгон. Ага ылайык, мындан ары Кыргызстандын туусундагы түндүк 4 чамгарактуу болуп, күндүн нурлары түндүктөн ажыратылган абалда, түз тийген формада желбирейт.

Желектин элементтерин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун төрага Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, 28-сентябрда коомдук талкууга коюшкан. Бул демилге коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, көпчүлүк эл тууну өзгөртүүгө негиз жок экенин айтып чыгышкан. Аны Жогорку Кеңеш 20-декабрда экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз дароо кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: