Кыргызстандын жаштар курамасы Азия Кубогундагы тайпа боюнча атаандаштарын аныктады
Бүгүн, 7-ноябрда Кыргызстандын жаштар курама командасынын катышуусунда өтө турган 2025-жылкы U-20 Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө Кытайдын Шэньчжэ́нь шаарында чүчүкулак тартуу аземи өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалымдалгандай, аталган турнирге 16 курама команда катышат. Чүчүкулактын жыйынтыгында төрт командадан турган төрт тайпа түзүлдү.
Мирлан Эшенов жетектеген Кыргызстандын курама командасы "А" тайпасында Катар, Кытай жана Австралия командалары менен бирге жайгашты.
"Азия Кубогунун финалдык этабы 2025-жылдын 6-23-февралында Кытайда өтөт. Турнирдин жарым финалына чейин жеткен курамалар 2025-жылкы Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.