Сахнада тооктун канын ичкен индиялык ырчыга иш козголду
Индиялык ырчы Кон Вайя Сонго Итанагар шаарындагы концертинде кылган кылыгы үчүн иш козголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга караганда, ал сахнадан тооктун кекиртегин кесип, канын идишке куюп ичкен. Бул маалыматтан кабардар болгон жаныбарларды коргоо уюмунун өкүлдөрү полицияга арыз менен кайрылышкан. Укук коргоо органдары уюм тарабынан чогултулган материалдар менен таанышып чыккандан кийин Сондун үстүнөн иш козгогон.
Уюм полицияга жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасагандар башка кылмыштарга, анын ичинде киши өлтүрүү, зордуктоо, карактоо, кол салуу, коркутуу жана баңгизатын колдонуу сыяктуу иштерге дагы барышы мүмкүн экенин жүйө келтирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:19
2025-07-15
21:23
2025-07-15
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.