super.kg logo
  Спорт  

Эртең Бишкекте тайбокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугу башталат

 

Бишкекте тайбокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, мелдеш 10-11-ноябрь күнү Газпром спорт комплексинде болот.

Ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Мушкерлер төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

- Эркектер: 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 81, 86, 91, +91 килограмм салмакта;

- Кыз-келиндер: 48, 52, 56, 60, 65 килограммга чейинки салмакта.

Финалдык беттештер 11-ноябрда башталат.

"Чемпиондук Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана тайбокс федерациясы тарабынан уюштурулууда", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: