super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда мас абалында унаа айдагандарга 50 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда

 
Кыргызстанда мас абалында унаа айдагандар үчүн жазаны күчөтүү сунушталып жатат. Бул тууралуу коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча парламенттик комитетинин жыйынында ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев билдирди. 
Анын айтымында, бүгүнкү күндө айыптын өлчөмү 1500-2000 сомго чейин түзөт же айдоочудан айдоо күбөлүгү алынат. "Бул күлкү келтирерлик сумма. Биз аны 50 миң сомго чейин көбөйтүүнү же күбөлүгүн 4 жылга алып салууну сунуштап жатабыз. Бирок талкуу учурунда айып 9 миң сомго төмөндөдү. Мыйзам долбоор азыр Жогорку Кеңештин талкуусунда жатат",- деди Талантбек Исаев өз сөзүндө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: