super.kg logo

Бишкекте 4 миллиондон ашык акчаны карактап кеткен чет элдиктер кармалды

 

Бишкектин борборунда тапанча менен куралданган эки адам А.Э. аттуу жаранга кол салып, 4 миллион 500 миң рубль акча каражатын карактап кетишкен. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, окуя Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн операциянын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында каракчылык кылышкан 1990-жылы туулган Д.Э. жана 1997-жылы туулган М.У. аттуу жарандар кармалган. Алар Бишкекте ижарага алынган батирлерде жашагандары аныкталган. Экөө тең өз мекенинде кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөнү такталды. Кармалгандардан 3 686 000 рубль акча каражаты табылып алынды.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аларга карата камакка алуу баш коргоо чарасы колдонулду.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: