super.kg logo

Кавер SHOW: "Кыргызча жакшы билбегеним үчүн буллингге кабылгам" дейт ырчы Айым Айылчиева

 

SUPER.KG порталынын Ютуб каналында жаңы долбоор Кавер SHOW программасы. Анын эң алгачкы чыгарылышынын өзгөчө коногу ырчы Айым Айылчиева болду. Ырчы айым аталган долбоордун талаптарына көнүп, беш ырды жандуу аткарып берди. Ошону менен катар Айым кызыктуу маек берип, жеке жашоосундагы сырларын жана баштан өткөргөн кыйынчылыктарын да бөлүштү.

Ал маек берип жатып кыргыз тилинде жакшы сүйлөй албаганы үчүн буллингге кабылганын айтып өткөн.

"Мен орус тилдүү бала бакчага, мектепке бардым. Айланамдагылардын көпчүлүгү, үй-бүлөм орус тилинде сүйлөшөт. Ошону менен катар окуу жайым англис тилинде болду. Кээде менден "кантип сен кыргыз тилин билбейсиң?" деп сурап калышат. Мен билем, түшүнөм. Кыргызча жакшы сүйлөй албаганым үчүн буллингге кабылган учурлар болду. Мектепте окуп жүргөн кезде кыргызча сүйлөгөнгө аракет кылчумун, бирок мени шылдыңдай беришчү. Бул дагы кандайдыр бир деңгээлде өзүнүн таасирин берди окшойт. Менин чөйрөмдөгүлөр көбү орус, англис тилинде сүйлөшөт, ошол себептен менде практика кылганга мүмкүнчүлүк жок болду", - дейт ырчы кыз.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыздар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: